Мээримдүүлүк жана кесипкөйлүк мелдеши: «Супер медайымдар» менен «Умай энелер» таймаштыМай айынын башы медицина кызматкерлеринин өзгөчө майрамдары менен коштолот

Мээримдүүлүк жана кесипкөйлүк мелдеши: «Супер медайымдар» менен «Умай энелер» таймаштыМай айынын башы медицина кызматкерлеринин өзгөчө майрамдары менен коштолот. Салтка айланган 5-май — Бүткүл дүйнөлүк киндик энелер (акушерлер) күнү жана 12-май — Эл аралык медайымдар күнүнө карата окуу жайыбызда өзгөчө иш-чара өттү. Келечектеги ак халатчан айымдар арасында «Кесипкөйлүк жана мээримдүүлүк» аталышындагы кызыктуу сынак уюштурулду.Бул кесиптик таймашта эки күчтүү команда өз ара күч сынашты:«Супер медайым» командасы (2 МИа тайпасы) — өздөрүнүн тездиги, заманбап медициналык билимдери жана өзгөчө даярдыгы менен айырмаланды.«Умай эне» командасы (2 АИа тайпасы) — кыргыздын каада-салтын, киндик энелик кесиптин ыйыктыгын жана энелик мээримдүүлүктү жогорку деңгээлде чагылдырып беришти.

Видео