Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Мамадинова Гүлайымдын жаркын элесине арналган “Офтальмология сегодня ” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

17-18-май күндөрү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Мамадинова Гүлайымдын жаркын элесине арналган “Офтальмология сегодня ” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга окуу жайдын окутуучусу Кенжебаева А.А. катышты. Конференцияда Туркия мамлекетинен, Россия Федерациясынан, Казакстандан, Өзбекстандан келген тажрыйбалуу офтальмологдор өздөрүнүн көз ооруларын дарылоодо колдонгон жаңы ыкмалары менен бөлүштү.

Read More

Ош медициналык колледжи 2024-жылдын 11-майында көз карандысыз “Эл баасы” аккредитациялоо агенттиги тарабынан

Ош медициналык колледжи 2024-жылдын 11-майында көз карандысыз “Эл баасы” аккредитациялоо агенттиги тарабынан 060101-Дарылоо иши, 060102-Акушердик иши, 060108-Фармация, 060109-Медициналык айым иши, 060110-Лабораториялык аныктоо адистиктерин программалык аккредитациядан өтүүдө.

Read More

Өзбекстандын Наманган облусунун Касансай медициналык колледжинин окутуучулары усул алмашуу максатында келишип окуу жай,окутуу системасы менен таанышып кетишти.

Ош медициналык колледжине коңшу Өзбекстандын Наманган облусунун Касансай медициналык колледжинин окутуучулары усул алмашуу максатында келишип окуу жай,окутуу системасы менен таанышып кетишти.Эл аралык мобилдүү окуутууну жөнгө коюп,студенттерди практикаларын өтөп,ык алмашуу максатында келишим түзүү, байланышта билим берүү маселеси каралды.

Read More

Акимбаев Майсал 1 Л тайпасына “Кан айлануу системасына таасир этүүчү дары каражаттары ” деген темада ачык, көргөзмөлүү конок лекция өттү.

Ош медициналык колледжинин фармакология сабагынын окутуучусу Акимбаев Майсал 1 Л тайпасына “Кан айлануу системасына таасир этүүчү дары каражаттары ” деген темада ачык, көргөзмөлүү конок лекция өттү.Студенттердин сабакка болгон кызыгуусу жогору бааланып, сабак жандуу болду. Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайбыз.

Read More

22-апрелден бүтүрүүчү курстун студенттерине кезектеги сынактарды тапшыруу башталды

22-апрелден бүтүрүүчү курстун студенттерине кезектеги сынактарды тапшыруу башталды.Алган билимдерин,көндүмдөрүн студенттер электрондук түрдө сынак беришет.Өздөштүргөн билимдери жугумдуу болуп,ийгиликтүү тапшырып алууларын каалайбыз.

Read More

“Банги зат менен дос болууга мүмкүн эмес “деген аталыштагы кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган мелдеште Ош медициналык колледжинин “Биримдик” командасы 2-орунду ээледи.

11-апрель күнү Ош шаардык Жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган “Банги зат менен дос болууга мүмкүн эмес “деген аталыштагы кесиптик окуу жайлар арасында уюштурулган мелдеште Ош медициналык колледжинин “Биримдик” командасы 2-орунду ээледи. Медициналык багытта билим алган студенттер бангизатка каршы экендигин,ден-соолуктуу жашоо образын тандашарын далилдешти.

Read More

Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата “Менин ден-соолугум,менин укугум ” деген ураан менен чуркоо марафону болуп өттү

11-апрель күнү Ош облустук Саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери арасында Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата “Менин ден-соолугум,менин укугум ” деген ураан менен чуркоо марафону болуп,Ош медициналык колледжинин кызматкерлери жана студенттери катышты.2 Ми а тайпасынын студенти Мизаева Гулиза 2-орунга ээ болду.Ден-соолук-биринчи байлык экендигин,ага кам көрүүнүн туура жолдорун Саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү далилдеп беришти.

Read More