/
07.10.2024

“Заманбап адистерди даярдоодо ата-энелер менен окуу жайдын байланышы ” деген темада ата-энелердин конференциясы болуп өттү

Ош медициналык колледжинде “Акушердик иши жана Дарылоо иши”,”Лабораториялык аныктоо жана Фармация” жана “Медайымдык иши” бөлүмдөрүндө бөлүмдөр аралык жана жалпы “Заманбап адистерди даярдоодо ата-энелер менен окуу жайдын байланышы ” деген темада ата-энелердин конференциясы болуп өттү.Ата-энелердин конференциясынын негизги максаты : билим алып жаткан уул-кыздарынын сабактардагы жетишүүсү,сабактарга катышуусу,окуутуунун жаңы программалары жана баалоо системасы менен тааныштыруу болду.Медициналык багытта билим алып жаткан улан-кыздар, ата-энелердин кан басымын өлчөп,кандагы канттын көлөмүн ченеп,таразага тартуу менен фито чайларды даярдап беришти.Көздөгөн максаттары орундалып, уул-кыздары мыкты манипуляцияларды жасап жаткандары ар бир ата-энени кубанычка бөлөдү.Соңунда ата-энелерге “Алкыш” баракчалары тапшырылды.