/
07.10.2024

окуу жайыбыздын жамааты жана студенттердин активдүү катышуусунда ишембилик болуп өттү

Ош медициналык колледжибиздин жалпы жамааты жана студенттери Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү” жөнүндө жарлыгынын жана 2022-жылы бекитилген 2023-2025-жылдары тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфратүзүмүн түзүү боюнча иш-чараларынын планын жүзөгө ашыруу максатында ишембилик болуп өттү, окуу жайыбыздын жамааты жана студенттердин активдүү катышуусунун негизинде окуу жайыбыздын аймагы, окуу жайыбызга жакын аймактар, көчөлөр, арыктар жана Милициянын Ак-Буура бөлүмүнүн (ГОМ-1) конторасынан тартып, Кара-суу көчөсү менен байланыштырган соода көпүрөсүнө чейин таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө салымыбызды коштук.