Ош медициналык колледжинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду. Бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер катышты.

Иш-чараны окуу жайдын директорунун убактылуу милдеттин аткаруучу Мамытова А.Ш. ачып берди.
Балдарыбыздын ийгилиги-биздин жалпы аракетибиздин натыйжасы. Билим бүрүүдө гана эмес, тарбия берүүдө да ата-эне менен окутуучунун биргелешкен аракетинин мааниси чоң. Биздин максат-Саламаттыкты сактоо тармагында эмгек рыногунун талаптарына жооп берген компетенттүү орто кесиптик адистерди даярдоо, ошондуктан баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз керек.
Жолугушуунун жүрүшүндө окууда,спортто жана коомдук-маданий иштерде мыкты жетишкендиктери үчүн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттары тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыгында катышуучулар үчүн окуу жайдын билим берүү шарттары менен танышуу максатында экскурсия уюштурулду.
https://www.facebook.com/photo?fbid=122178326546524867&set=pcb.122178326642524867&locale=ru_RU