Аспаптарды стерилизацияга чейинки тазалоо (ПСО);
Автоклав жана кургак ысык аба шкафтарынын иштөө принциптери;
Стерилдүүлүктү текшерүүчү индикаторлорду колдонуу тартиби.
Иш чаранын максаты: Студенттердин кош бойлуулук учурундагы вирустук гепатит оорусу боюнча билимдерин тереңдетүү жана төрөт үйүндөгү инфекциялык коопсуздукту камсыз кылган стерилизация процесстери менен практикалык түрдө таанышуу.
Иш-чаранын соңунда студенттер медициналык мекемедеги тазалык жана стерилизация — бул жөн гана эреже эмес, бул эне менен баланын өмүрүн сактап калуучу башкы курал экенине ынанышты. «Умай эне» ийриминин катышуучулары алган билимдерин келечектеги ишмердүүлүгүндө жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө колдонушмакчы.


