Тарыхы

“Клиникалык дисциплиналар” бирикмеси иш-милдеттерин, окуу усулдук колдонмолорду колдонуу менен билим берүү процессин жүзөгө ашырып келишет.
Практикалык сабактарды өтүүдө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында жана Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасында, колледждин базаларында жүргүзүлүп келет.
“Клиникалык дисциплиналар” бирикмесинин негизги багыттарынын бири болуп — студенттердин билимин жана илимий – изилдөө иштерин жогорулатуу болуп саналат.
Жылына илимий практикалык конференциялар өткөрүлүп турат. Быйылкы жылда апрель айында өткөрүлгөн илимий практикалык конференциясынын темалары: «ДИ адистигинде 1-3 курстарда окуган студенттеринин кандагы «Гемоглобин» боюнча анализдеринин жыйынтыгы», «Биз кант диабетин бирге женебиз», «Биз кант диабетине каршыбыз».
Студенттерге окуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.
Билим берүүнүн жогорку стандартына жооп берүүчү, практикалык сабака керектелүүчү муляждар, пациенттерди изилдөө ыкмаларын көрсөтүүчү көп функцианалдуу манекендер, жүрөк – өпкөгө жандандыруу усулун көрсөтүүчү манекен куурчактар менен жабдылган кааналар бар.
Турдубаева Б.М. жетектеген “Клиникалык дисциплиналар” бирикмесинде 13 окутуучу эмгектенет. Анын ичинен 13 врач, 1 окутуучу кесиптик психолог.
“Клиникалык дисциплиналар” бирикмесинин окутуучулары оздорунун педагогикалык ишмердуулугун остуруу максатында 1 жылдык «Педагогикалык окуу программасы» курсун контрактык негизде окуп бутушуп, диплом алышты. Томонку окутуучулар: Каимова Ч., Жакыпова К., Мурзаева М., Абдылдаева А., Шадыбекова Э., Сардалова А.
Азыркы мезгилде Токтомушова Р. окуп жатат.

“Клиникалык дисциплиналар” бирикмеси төмөнкү окуу дисциплиналары менен камсыз кылат:
1. Адам анатомиясы жана физиологиясы
2. Дени сак адам жана анын чөйрөсу
3. Кесиптик психология
4. Гериатрия
5. Жалпы жана клиникалык патологиянын негиздери
6. Терапия гериатрия курсу менен
7. Нерв жана психикалык оорулары
8. Жугуштуу оорулары
9. Фтизиатрия
10. Тери жана венерологиялык оорулары
11. Реабилитациянын негиздери

Учурда «Клиникалык дисциплиналар» бирикмеси төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
1. 060101 «Дарылоо иши», квалификациясы «Фельдшер», окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай