/
13.05.2024

Келишимдер Жумуш менен камсыз кылуу

Лабораториялык аныктоо 060110

– программа практики
– График УПП и ПП – путевка
– дневник
– контроль во время прохождения практики

Практикалык иш чаралар

Окуу процессиндеги практикалык көнүгүүлөр окуу планынын негизги бөлүгүн жана окутуучу окуу жүктөмүн түзөт. Практикалык окуу студенттердин билимдерин терендетүү, кеңейтүү жана бекемдөө, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн арналган. Практикалык сабактар студенттин клиникалык, илимий ой жүгүртүүсүн, сүйлөөсүн өнүктүрөт жана студенттерге өз билимдерин сынап баалоого мүмүкүндүк берет.

Практикалык сабактар, окуу-өндүрүштүк практика (ОӨП), квалификацияга чейинки практика (КЧП)Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмунда өткөрүлөт. Ушул документтин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин 2022-жылдын 6-тогуздун айындагы №1194 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаларынын тизмесиин бекитүү жөнүндө” буйругу бар. Саламаттык сактоо мекемеси менен эки тараптуу 5 жылдык мөөнөткө келишим түзөбүз. Кесиптик практиканын узактыгы жана мөөнөтү окуу планы менен аныкталат. Студенттердин практикалык даярдыгын үч этапка бөлүүгө болот:

Биринчи этап – билим берүү практикасы. Негизги кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн иштелип чыккан. Практика клиникага чейинки бөлмөлөрдө, колледждердин окуу борборлорунда, ошондой эле саламаттыкты сактооуюмунун клиникалык шартында жүргүзүлөт. Окуу борбору бардык керектүү жабдууларды жана шаймандарды колдонуу менен практиканы өткөрөт, макеттер жана манекендер, фантомдор менен студенттер практикадан өтүшөт.

Экинчи этап –адистиктин адын алуучу профили боюнча клиникалык практика.

ОӨП адистигине жараша студенттер медициналык, жана фармацевтикалык мекемелерде практикадан өтүшөт.

Үчүнчү этап – КЧП

Бул студенттин алгачкы кесиптик тажрыйбасын терендетүүгө жана анын оз алдынча иштөөгө даярдыгын текшерүүгө багытталган. Бүтүрүүчү студенттери практика учурунда саламаттыкты сактоо мекемелериндеги орто медициналык персоналдын бош орундарына жазыла алышат.

ОӨП жана КЧПны аяктоо графиги директор тарабынан бекитилет. Практиканын алдында студенттер менен маектешүү өткөрүлөт. Маектешүүнүн максаты –  коопсуздук боюнча инструктаж, практикалык календарлык графиги жана медициналык уюмдардын ички тартиби менен тааныштыруу. Практикага окуу-методикалык жетекчиликти жүргүзүү үчүн практикалык программанын аткарылышын контролдоочу усулдук жана түздөн-түз жетекчилер дайындалат. Практиканын аягында ар бир студентке анын ишке болгон мамилесин, практикалык манипуляцияларды өздөштүрүү деңгээлин жана сапатын чагылдырган мүнөздөмө, программада каралгандай тиешелүү баа берүү менен түзүлөт. Практиканын жыйынтыгы боюнча студент төмөнкүлөрдү берет: практика күндөлүктөрдү, мүнөздөмөлөрдү. Окуу өндүрүштүк практика аяктагандан кийин, квалификациялык практикадан мурун, орто жана жыйынтыктоочу билим текшерүүлөрү өткөрүлөт. Аттестация карталарын практикалык окуунун жетекчиси бекитет.

Талап

Медициналык колледждин студентинин сырткы келбетине коюлуучу талаптар. Практикалык сабактарда, окуу – өндүрүштүк практикада санитардык – гигиеналык нормаларды сактоо, студенттерге кийинүү маданиятын, колледждин студенттеринин медициналык ишинин өзгөчөлүктөрүн сыйлоону тарбиялоо.

 Төмөнкү кийимдер сунушталат:

  • Жаңы медициналык халат (халаттын узундугу тизеге чейин, жең узун же 4)
  • Медициналык кийим
  • Медициналык чепчик
  • Алмаштыруучу бут кийим (үнү чыкбаган, жапыз такалуу же жалпак)
  • Медициналык маска
  • Медициналык колкап
  • Чач жасалгасы тыкан, чачы чепчиктин астына жыйылган,

тырмактары кыска жана боексуз кесилген болушу керек

  • Колго зер буюмдарын такканга болбойт
Студенттерге практиканы өтүү жөнүндө эскертүү

Практиканы баштоонун алдында студент төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Жыйынга катышуу
  • Практика программасы жана мөөнөтү менен таанышуу
  • Студент практикага уруксат алышы керек
  • Практика күндөлүгү жана практика үчүн аттестация суроолорунун тизмесин алуу
  • Күндөлүк жана практикалык отчетту толугу менен таанышуу
  • Коопсуздук боюнча окуудан өтүшөт

Практикадан өткөнгө студент төмөнкүлөргө милдеттүү:

– Саламаттык сактоо уюмунда колдонуудагы эрежелерди сактоого

– Практика ордунда коопсуздук жана эигек тартибин, санитардык – эпидемиологиялык эрежелерди сактоого

– практикалык программада каралган тамшырмаларды толугу менен аткарууга, жеке тапшырмага ылайык аткарылган иштер тууралуу күндөлүк жазууларды күндөлүк жазууга

– жумуш ордунда дайыма күндөлүк алып жүрүүгө жана аны жооптуу адамдарга текшерүү үчүн көрсөтүүгө

– практикалык күндөлүктү өз убагында толтуруу

Практиканы аяктагандан кийин студент төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Саламаттыкты сактоо уюмунун практика жетекчисинен маалымкат алуу
  • Практикалык программанын аткарылышы/аткарылбагандыгы жөнүндө медициналык мекеменин башкы медайымы менен толук көлөмдө практика күндөлүгүнө кол коюга
  • Өзүңүздүн практикаңызды коргоо үчүн, график боюнча ОМКне келиңиз.