Акушердик иш сабагында алган билимдерди иш жүзүндө колдонуу, коомчулукта жугуштуу оорулардын (Гепатит) алдын алуу жана сергек жашоо образын жайылтуу. Ошондой эле, бала бакча курагынан баштап мектеп окуучуларына чейин гигиеналык көндүмдөрдү калыптандыруу жана келечектеги энелердин ден соолугун сактоо (кош бойлуулук жана гепатиттин байланышы) боюнча маалымат берүү.
«Кулунчак» бала бакчасы (Ош шаары )
Балдарга «Гепатит А» (кир колдун оорусу) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кол жуунун туура эрежелери оюн түрүндө көрсөтүлдү.
«Пайдалуу жана Зыяндуу» оюну жана «Микробду элестет» сүрөт мелдеши аркылуу балдардын санитардык сабаттуулугу арттырылды.
Витаминдештирүү: Өздүк гигиенаны сактоо үчүн нымдуу салфеткалар жана витамин катары алмалар таратылды.
Жогорку класс окуучулары (№47 орто мектеби, 10-класс):
Окуучуларга гепатиттин В жана С түрлөрүнүн жугуу жолдору гана эмес, анын кош бойлуулук учурундагы коркунучу тууралуу кеңири маалымат берилди.
Болочоктогу эне катары кыздарга гепатиттин түйүлдүккө тийгизген таасири, вертикалдык жол менен (энеден балага) жугуунун алдын алуу жана пландуу вакцинациянын маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын максаты — дени сак энеден дени сак бала төрөлөрүн, ал үчүн гигиенаны бала бакча курагынан баштап сактоо керектигин окуучуларга жеткирүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар жана бала бакчанын тарбиялануучулары активдүү катышты. «Умай-эне» ийриминин мүчөлөрү акушердик жана медициналык билимдерин жайылтуу менен бирге, коомдук саламаттыкты сактоого өз салымдарын кошушту.



