21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тилим -улуттун жүрөгү “атуу маданий иш чара өткөрүштү

Ош медициналык колледждинин Гуманитардык бирикмесинин окутуучулары:Амракулова М.Ж,Айдарова М. Бабаева Д.О,Ормонова Э.М.21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тилим -улуттун жүрөгү “атуу маданий иш чара өткөрүштү . Ош медициналык колледждинин таланттуу студенттердин катышуусунда жогорку денгээлде өттү.
Бул күндүн негизги максаты — дүйнөдөгү тилдердин ар түрдүүлүгүн сактоо, эне тилдерди өнүктүрүү жана жоголуп бара жаткан тилдерге көңүл буруу.
Эне тил — ар бир адамдын жүрөгүнө жакын, анын улуттук аң-сезимин, маданиятын жана тарыхын чагылдырган баалуулук. Тил аркылуу муундан-муунга каада-салттар, үрп-адаттар, элдик чыгармалар жана тарыхый мурастар өтүп келет. Эне тилин урматтаган эл — өзүнүн тамырын, маданиятын сактаган эл.
Кыргыз эли үчүн кыргыз тили — улуттук сыймык. Аны таза сактоо, туура колдонуу жана жаш муундарга үйрөтүү — ар бирибиздин милдетибиз.
Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү — тилди даңазалоого, аны сактоого жана өнүктүрүүгө чакырган маанилүү күн. Ар бир адам өз эне тилин сүйүп, аны урматтап, кийинки муунга аманат кылып калтыруусу керек.