Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында 2023-жылдын 27-апрелинде болуп өттү. Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесине ЖОЖдордун, колледждердин, профессионалдык лицейлердин студенттери да катышты. Ош медициналык колледжи нин кесипке багыт алган студенттери катышуучулардын кан басымын өлчөп,фито чайларды даярдап беришти.




