Бугун 05.12.24ж.Ош медициналык коллеждиндеги “Медайымдык ишинин негиздери” бирикмесинин окутуучулары “Айыккыс бейтаптарга медайымдык кароо” деген темада студенттер менен биргеликте Ош облустук онкология борборуна барышып паллиативдик жардам алып жаткан бейтаптарга кайрымдуулук акциясын откорушту. Бейтаптар менен баарлашып, белектерин беришип, студенттерге жеринен паллиативдик жардам корсотууну тушундурушуп, айыккыс оорулууларга кандай жардамдар корсотуу керектиги боюнча онкология борборунда эмгектенип жаткан дарыгерлер, медайымдар менен кенири баарлашышты.




