Ош медициналык колледждинде Тил майрамына карата,”Тил улуттун жүрөгү “аттуу иш чара уюштурулуп,жогорку денгээлде өткөрдүк.

Баарыныздарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эне тил — бул улуттун жүрөгү, ар-намысы жана руханий байлыгы. Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздан калган аманат, биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап туруучу ыйык тил.
Бул майрам ар бир кыргыз жаранына өз эне тилинде сүйлөп, аны ар тараптан өнүктүрүп, жаш муундарга үйрөтүү жоопкерчилигин эске салат. Тилибизди сүйөлү, таза жана туура сүйлөөгө аракет кылалы!
Тилибиз өнүккөн сайын — улутубуз бекем, мамлекетибиз күчтүү болот!
Майрамыңыздар менен!