ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: ОШ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ӨЗБЕКСТАНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

2026-жылдын 25-апрелинде Ош медициналык колледжинин директору А.А. Абдылдаева баштаган делегация Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна расмий иш сапары менен барды.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында делегация Балыкчы районундагы Абу Али ибн Сина атындагы медициналык техникумдун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Сапардын негизги максаты — окуу процессин уюштуруудагы заманбап усулдарды үйрөнүү жана педагогикалык тажрыйба алмашуу болду.

Бул багытта «Педиатрия, акушерство жана хирургия» дисциплиналар бирикмесинин Офтальмология сабагынын окутуучусу Кенжебаева Айзада Арстаналиевна өзбекстандык кесиптештери менен офтальмология багытындагы окутуунун усулдук өзгөчөлүктөрү, жаңы билим берүү технологияларын колдонуу жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча тажрыйба бөлүштү.

Директор А.А. Абдылдаева баштаган делегациянын бул сапары эки окуу жайдын ортосундагы меморандумду бекемдеп, билим берүүдөгү инновациялык ыкмаларды жайылтууга багытталган. Жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги биргелешкен усулдук долбоорлор жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруу маселелери талкууланды.