Ош медициналык колледжинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду. Бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер катышты.
Иш-чараны окуу жайдын директорунун убактылуу милдеттин аткаруучу Мамытова А.Ш. ачып берди. Балдарыбыздын ийгилиги-биздин жалпы аракетибиздин натыйжасы. Билим бүрүүдө гана эмес, тарбия берүүдө да ата-эне менен окутуучунун биргелешкен аракетинин мааниси чоң. Биздин максат-Саламаттыкты сактоо тармагында эмгек рыногунун талаптарына жооп берген компетенттүү орто кесиптик адистерди даярдоо, ошондуктан баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз керек. Жолугушуунун жүрүшүндө окууда,спортто жана…
Ош шаарынын 3035-жылдыгына жана Алымбек Датканын 225-жылдык маарекесине арналган, Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган, кол өнөрчүлүк боюнча Ош медициналык колледжинде тайпалар аралык көргөзмө болуп өттү.
Ош шаарынын 3035-жылдыгына жана Алымбек Датканын 225-жылдык маарекесине арналган, Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган, кол өнөрчүлүк боюнча Ош медициналык колледжинде тайпалар аралык көргөзмө болуп өттү.
1-октябрь-Эл аралык карылар күнү.
Биздин окуу жайыбыз да Ош шаардык Мэриясы тарабынан берилген тапшырмага ылайык, Анар 11Б/51 дарегинде жашаган Хегай Татьянага барып майрамдык маанай тартуулап келдик.
Ош медициналык колледждинде Тил майрамына карата,”Тил улуттун жүрөгү “аттуу иш чара уюштурулуп,жогорку денгээлде өткөрдүк.
Баарыныздарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эне тил — бул улуттун жүрөгү, ар-намысы жана руханий байлыгы. Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздан калган аманат, биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап туруучу ыйык тил. Бул майрам ар бир кыргыз жаранына өз эне тилинде сүйлөп, аны ар тараптан өнүктүрүп, жаш муундарга үйрөтүү жоопкерчилигин эске салат. Тилибизди сүйөлү,…
Республикалык ишембиликтин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында массалык ишембилик болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сетябрындагы № 305 Жарлыгын аткаруу алкагында жалпы республикалык ишембиликтин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында массалык ишембилик болуп өттү. Ага Ош медициналык колледжинин бардык кызматкерлери, мугалимдер, студенттер катышты.
Ош медициналык колледжинде 1-курстардын студенттери менен окуу жайдын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Ош медициналык колледжинин директорунун убактылуу милдеттин аткаруучу А.Ш. Мамытова студенттер менен баарлашып, студенттерге ийгиликтерди каалады. Ошондой эле окуу процесси жана тартип маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында бош жумуш орундар жана кесипке багыт берүү жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеге КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, жеке ишкерлер жана окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери катышышты. Биздин да окуу жай катышып,кесипке багыт берүү боюнча жеткиликтүү маалыматтар берилди.
Преподаватель Арыкбаева Каныкей по дисциплине «Техника продаж и мерчандайзинг» вместе со студентами группы 3ФА в рамках практического занятия посетили фармацевтический кружок,
организованный компанией Referans Pharmaceuticals LLC в отеле «Жаннат». Студенты получили ценные знания о современных методах продвижения и продаж лекарственных средств. 💊