Ош медициналык колледжинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду. Бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер катышты.
Иш-чараны окуу жайдын директорунун убактылуу милдеттин аткаруучу Мамытова А.Ш. ачып берди. Балдарыбыздын ийгилиги-биздин жалпы аракетибиздин натыйжасы. Билим бүрүүдө гана эмес, тарбия берүүдө да ата-эне менен окутуучунун биргелешкен аракетинин мааниси чоң. Биздин максат-Саламаттыкты сактоо тармагында эмгек рыногунун талаптарына жооп берген компетенттүү орто кесиптик адистерди даярдоо, ошондуктан баарыбыз биргеликте иш алып баруубуз керек. Жолугушуунун жүрүшүндө окууда,спортто жана…