/
07.10.2024

Оорулары,кечиктирилгиз жардам” деген темада ачык практикалык сабак өттү

18-март күнү “Педиатрия ,акушерство жана хирургия ” бөлүмүнүн мугалими Камчыбек уулу Мирлан “Мурундун анатомиясы, функциясы жана изилдөө ыкмалары. Оорулары,кечиктирилгиз жардам” деген темада ачык практикалык сабак өттү.Сабак жакшы деңгээлде өтүп,студенттердин практикалык иштери бааланды.

Мобилдүүлүк программамынын алкагында Араван районундагы “Дулдул-Ата” медициналык колледжине барып усул алмашып келишти

Ош медициналык колледжинин мугалимдери академиялык мобилдүүлүк программамынын алкагында Араван районундагы “Дулдул-Ата” медициналык колледжине барып усул алмашып келишти. Медициналык колледждин мугалимдери келечек ээлерин даярдоодо талыкпай эмгектенип келишет.

Акушердик иши адистигинин 2- курстун студенттеринин арасында майрамдык кече болуп өттү.

5- май -Эл аралык киндик энелер күнүнө карата Акушердик иши адистигинин 2- курстун студенттеринин арасында майрамдык кече болуп өттү. Жылына өткөзүлүп жүргөн бул иш чарада быйыл студенттер өзгөчө , жалаң гана сабак менен чектелбестен, ырга, бийге да жөндөмдүүлүгү бар экендигин көрсөтүштү.Келечекке тандап алган кесипбинин артыкчылыктарын,маанилүүлүгүн даңазалашты.
2- курс АИа тайпасы тобуна “Луиза Буржуа” деген ысым коюшту. 2АДб тайпасы болсо,тобуна “Повитухи” деп, 2АДв тайпасы “Золотые Руки” деген ысым тандап , күч сынашты.Болочок кесип ээлерин кесибине кызыктыруу максатында даярдалган майрамдык салтанаты өз деңгээлине жетти.Уюштурган топко,билим берген мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз.Көптөгөн наристерлерди жарык дүйнөгө келтирүүгө көмөкчү болгон,колу жеңил киндик энелер болуп,коомго салымдарын кошуусуна чын жүрөктөн окутуучулук курам ишеним артабыз.
Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.

Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси

Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында 2023-жылдын 27-апрелинде болуп өттү. Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесине ЖОЖдордун, колледждердин, профессионалдык лицейлердин студенттери да катышты. Ош медициналык колледжи нин кесипке багыт алган студенттери катышуучулардын кан басымын өлчөп,фито чайларды даярдап беришти.

12-май -Медайымдардын майрамына карата

12-май -Медайымдардын майрамына карата Ош медициналык колледжинде Арзибаева Турсунай-Ош областтык клиникалык ооруканасынын башкы медайымы, Адураимова Жанна- Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы медайымы,Норузова Шайыргүл- Ош шаардык төрөт стационарынын, реанимация бөлүмүнүн улуу медайымы,Мажитова Гүлназ-Ош областтык клиникалык балдар ооруканасынын инфекциялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы,Ташболотова Бактыгүл-Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн улуу медайымы, Азизбекова Аширкан-Ош областтык клиникалык балдар ооруканасында физиокабинеттин улуу медайымы, Атамбаева Жылдызкан-Ош шаардык төрөт стационарында операция медайымы жана студенттердин, медайым иши сабагынын окутуучулары катышкан тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдун максаты студенттердин тандап алган кесибинин мыкты адистери болуусуна кызыгуусун арттыруу,учурда эмгектенип жаткан медайымдардын жумуш учурундагы урунттуу учурлары менен таанышуу,мыкты кесип ээлери болуу үчүн жасалган аракеттери жөнүндө баарлашуу болду.Студенттер медайымдардын майрамы менен окуткан мугалимдерин жана конокторду куттукташып, майрамдык маанай тартуулашты. Кесиптик майрамыңыздар менен!
Нет описания фото.
Нет описания фото.Нет описания фото.

Привет, мир!

Добро пожаловать в WordPress. Это ваша первая запись. Отредактируйте или удалите ее, затем начинайте создавать!