2026-жылдын 4-июнунда Ош медициналык колледжинин «Фармация» бөлүмүнүн 2ФА жана 2ФБ тайпаларынын студенттери «Фармакогнозия» дисциплинасы боюнча окуу-өндүрүштүк практикасынын алкагында Ноокат районунун Кара-Кой аймагына чыгышты.

 

Практиканын башталышында студенттерге окуу-өндүрүштүк практиканын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби түшүндүрүлдү. Алар практиканын тематикалык планы менен тааныштырылып, дары өсүмдүктөрүнүн чийки заттарын чогултуу, даярдоо жана гербарий түзүү эрежелери боюнча маалымат алышты.

Практикалык иштерди баштоонун алдында коопсуздук техникасы боюнча нускама өткөрүлдү. Ар бир студентке дары өсүмдүктөрүнүн чийки заттарын даярдоо, гербарий түзүү жана практика күндөлүгүн жүргүзүү боюнча жеке тапшырмалар берилди.

Практиканын жүрүшүндө студенттер дары өсүмдүктөрүн табигый шартта аныктоо, дары өсүмдүк чийки заттарын чогултуу жана кургатуу, гербарий даярдоо, нормативдик документтер жана маалымдама адабияттар менен иштөө, ошондой эле дары өсүмдүк чийки заттарына талдоо жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.