/
13.05.2024

Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата “Менин ден-соолугум,менин укугум ” деген ураан менен чуркоо марафону болуп өттү

11-апрель күнү Ош облустук Саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери арасында Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата “Менин ден-соолугум,менин укугум ” деген ураан менен чуркоо марафону болуп,Ош медициналык колледжинин кызматкерлери жана студенттери катышты.2 Ми а тайпасынын студенти Мизаева Гулиза 2-орунга ээ болду.Ден-соолук-биринчи байлык экендигин,ага кам көрүүнүн туура жолдорун Саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү далилдеп беришти.